Апрель окуясында 100гө жакын адамдын өлүмүнө күнөөлүү делген негизги адамдар ээн-эркин жүрүшөт. SUPER.KG порталынын "Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар эмеспи?" деген соболуна 2010-жылы Апрель окуясынын убагында УКМКнын төрагасынын орун басары болуп турган Артур Медетбеков жооп берди.
Ал адамдардын өлүмүнө күнөөлүү делген адамдарды тынч уктатпоо керек деген пикирде.
"Апрель окуясы Кыргыз мамлекети үчүн аябай чоң кайгылуу окуя болгон. Анда кандайдыр бир деңгээлде баш аламандык болгон. Ошол төңкөрүштө "Ала-Тоо" аянтында кан төгүлгөн жерде башында эки жактан тең атышуу болуп кеткен. Канча сот процесстери болсо дагы элди атууга буйрук берген адам белгисиз. Ал эми буйрукту аткарган жөнөкөй аскерлер, ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери жазасын алып, соттолгондор дагы бар. Буйруктун артында тургандар ошол эле күнү Убактылуу өкмөттүн жардамы менен өлкөдөн чыгып кеткен. Соттун чечими менен бир нече адамга издөө жарыяланган. Бирок издөөдө жүргөндө чет мамлекетте бизнес куруп, жыргап жашап жүрүшөт. Атамбаевдин бийлиги учурунда издөө иштери кагаз түрүндө эле калып калды.
Кыргыз мамлекети 7-апрелдеги окуядан сабак алып, кыянаттык кылган, мыйзамды бузуп качып кеткендер жоопкерчиликке тартылуусу зарыл. Аларга тынч уктоого мүмкүнчүлүк бербеш керек. Тиешелүү адамдар жазасын алуусу шарт. Бийлик аларды жоопко тартууга кызыкдар. Бирок 6-7 жылдын ичинде Апрель окуясында кан төгүүгө тиешеси бар адамдар ар кандай кызматтарда, кээ бири депутат болуп жүрөт. Аларды жоопко тартуу үчүн ыкчам топтор түзүлүп, атайын иштерди жүргүзүү зарыл", - деди Медетбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Исхак Масалиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2010-2011-жылдардагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурундагы коргоо министринин милдетин аткарып турган Исмаил Исаков жана коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановдун пикири бул шилтемеде.