"Мэрлерди депутаттар эмес, шаар тургундары шайлашы керек" деп эсептеген жарандар президент, премьер-министр жана БШКга кайрылышат

"Демократиялык шайлоо болуусу үчүн шаар мэрлерин жарандар шайлашы керек", - дейт укук коргоочу Калича Өмүралиева.

Ал аталган пикирин бүгүн, 1-августта Бишкекте өткөн "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек столдо билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында, атайын резолюция кабыл алынып, тийиштүү органдарга кайрылуу жолдонору айтылды. "Шаар мэрлерин депутаттар эмес, тургундар шайлашы керек. Биз мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин сунуштап, президентке, премьер-министрге жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдойбуз. Азыр буга байланыштуу кол чогултулуп жатат", - деди Умуралиева.

Аталган тегерек столго саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов жалгыз ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан