Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков жооп берди.
Ал оппозициянын аталган шаарларга мэрлик кызматка талапкер чыгарууга алы жеткен жок деген пикирде. "Текебаев дайыма бийлик менен ойноп келген. Оппозиция болуп жүргөндө соодалашып жүргөн. Мен Текебаевди оппозициянын желеги же белгиси деп эсептебейм. Оппозиция алы жетпеген үчүн мэрликке талапкер чыгарган жок болуш керек", - деди Артыков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Руслан Казакбаев, Сайдулла Нышанов, Дастан Бекешев, Сайдулла Нышанов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.