Депутат Зиядин Жамалдинов: "Оппозиция талапкерлер чыгара берүүдөн чарчады"

Бишкектин жана Оштун мэрин шайлоодо оппозициянын талапкер чыгарууга эрки жеткен жок. SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында оппозиция болууга Өмүрбек Текебаевден башка эч кимдин эрки жетпейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов жооп берди.

Жамалдинов кыргыз саясатында оппозиция жеңиле берип чарчады деген ойдо.

"Учурда оппозиция талапкер чыгара берүүдөн чарчады. Талапкер деле шайлоодо теңме-тең атаандаш боло турган болсо талапкерлигин коёт да, өтпөй турганын билип талапкерлигин коюудан баш тартып жатса керек. Турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы, көпчүлүк коалиция кимди көрсөтсө ошол өтүп жатат. Менин оюмча, көпчүлүк коалиция бир эле талапкерди чыгарбаш керек, жок дегенде эки талапкер чыгарып анан кимиси мыкты экенин таразалап тандашса болмок. Текебаев деле дайым атаандаш катары чыккан эмес. Учурда деле оппозиция бар. Азыркы бийлик, өкмөт жаңы келди, убакыт аз эле болду. Учурдагы оппозиция иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Убакыт өтүп, бийликтин ишинде катачылык кетсе, оппозиция көтөрүп чыгуучу маселелер пайда болот", - деди Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Сайдулла Нышанов, Анвар Артыков, Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Эрик Рыскулбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан