Эртең "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия Нарынга барат
Эртең Темир Сариев төрагалык кылган "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия Нарын облусуна барат. Комиссия мүчөлөрү Нарын шаарынын тургундары менен жолугуп, Мамлекеттик комиссиянын алдында турган маселелер менен таанышмакчы. Эске салсак, "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия Кумтөрдүн айланасындагы элди социалдык коргоо жана экологиялык маселелерди текшерип чыгат.