Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өз оюн билдирди.
Аманбаев ишкерлердин укуктарын коргогон институт түзүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтат.
"Ишкерлердин укуктарын коргогон институт түзүү болбогон кеп. Себеби азыр биздин өлкөдө ишкерчилик укуктары бузулган үчүн ишкердик өнүкпөй жаткан жери жок. Ишкерчиликти өнүктүрүш үчүн ишин мыкты билген, экономикалык программасы бар өкмөт керек. Ишкерлердин укуктарын башкача ыкмалар менен коргосо болот. Өкмөттүн эки гана иши бар, ишкерлерди колдош керек жана коргош керек. Колдоо болгондо ишкерлерге каржылык жактан жана ар тараптан жеңилдиктерди берүү менен жана жаңы технологияларды киргизүү менен колдош керек. Экинчиси, учурда коңшу өлкөлөр өндүрүштү бир жолго салып коюшту. Аларда ишкердик өнүгүү жолунда баратат, биздин ишкерлер аларга атаандаш боло албай жатат. Ошондуктан ушул учурда биздин өкмөт аларды ишмердигин коргоп, өнүктүрүүгө көмөк бериш керек. Ушундай жол менен ишкерлерди колдоп жаткан соң алардын укугун коргоого зарылчылык жок. Бул күлкүлүү нерсе. Эгер ишкерлердин укуктары бузула турган болсо, азыркы эле акыйкатчыга, укук коргоо органдарына кайрылса болот. Бул нерсенин азыр бизге кереги жок, бул баягы көп сөздүн бири, мылтыгым жакшы болсо, жакшы атат элем дейт, а чынында ата албайт", - деди Аманбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, мурунку премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.