Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов жооп берди.
Анын айтымында, бул демилге буга чейин эле көз карандысыз эксперттер тарабынан көтөрүлүп келген.
"Бизнести коргоо үчүн абдан көп аракет жасашыбыз керек. Кичи-орто бизнес башчылары мамлекетке караганда көп иш орундарды түзүп жатат. Ал эми башка өлкөлөрдү жумуш орун түзүү милдетин бийлик өз моюнуна алган. Азыр өкмөт салыктардын пайызын көбөйтөбүз деп жатыптыр. Бул, албетте, бюджетти көтөрүү максатында жүргүзүлүп жатат. Бизнес-акыйкатчы инстутуту болсо жакшы болот. Бул туура идея деп ойлойм. Аталган институттун башчысы ачык-айкын шайлоо менен тандалышы керек. Ишкерлердин айтымында, азыр да кыйынчылыктар болуп жатат. Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү идеясын буга чейин эле көз карандысыз эксперттер сунуштап жүргөн. Муну жаңы идея деп айта албайбыз. Сапар Исаковдун өкмөтү да "Таза коом" программасынын алкагында ишкерлерге шарт түзүүнү пландап жаткан. Ал бардык ишкерлер менен өзү жолугуп, көйгөйүн чечүү үчүн тийиштүү мекемелерге тапшырма берген", - деди Султанов.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, мурунку акыйкатчылар Турсунбай Бакир уулу, Бактыбек Аманбаев, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.