Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Оштун "EREM" командасы экинчи беттешинде ири эсепте жеңилип калды.
Аталган мелдеште 16 өлкөнүн чемпиондору катышып, алар 4 тайпага бөлүнүп күч сынашууда. Анда Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасында жайгашып, таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командаларына кез келген.
2-турдун алкагында "EREM" командасы Таиланддын "Чонбури Блувейв" командасы менен беттешкен. Беттештин жүрүшүндө "Чонбури Блувейв" 5 гол киргизсе, "EREM" командасы 1 гол менен гана жооп бере алган. "Чонбури Блувейв" бул жеңиш менен алгачкылардан болуп кийинки этапка өттү.
"С" тайпасындагы катардык "Аль Салия" менен австралиялык "Вик Вайперс" командаларынын беттеши 4:2 эсеби менен аяктап, "Вик Вайперс" кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгүн жоготту.
Кезектеги турда "С" тайпасында плей-офф баскычына акыркы жолдомо ойнотулмакчы. Анда Оштун "EREM" командасы австралиялык "Вик Вайперс" менен кез келсе, "Чонбури Блувейв" "Аль Салия" менен беттешет.
"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:
1-тур, 2-август:
"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 9:2;
"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.
2-тур, 4-август:
"EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд) - 1:5
"Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар) - 2:4
3-тур, 6-август:
17:00 "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар);
17:00 "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия).