Шаар мэрин эл түз шайласа шаардык кеңеш менен мэрдин ортосунда тиреш пайда болот. Мындай пикирин саясий ишмер Кубатбек Байболов бүгүн, 6-августта "Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угууда билдирди.
"Шаар мэрин эл шайлай турган болсо парламенттин бир түзү болгон шаардык кеңеш менен мэрдин ортосунда тиреш пайда болот. Кош легитимдүүлүк көйгөйү пайда болот. Кыргыз мамлекетинин деңгээлиндеги кош легитимдүүлүк көйгөйү 30 жылдан бери уланып келе жатат. Эл тарабынан шайланган президент менен парламенттин ортосунда тымызын тартыш болуп келе жатат. Эми ошол көйгөйдү шаардык деңгээлге түшүргөнү жатабыз. Шаар мэрин түз шайлоого мен деле каршы эмесмин. Бирок биз шайлоо мыйзамдарына олуп-чолуп мамиле кылбай комплекстүү карап олуттуу реформа жүргүзүү керек", - деди Байболов.