Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов күзүндө жаңы өкмөт түзүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-августта журналисттерге билдирди.
"Өкмөт учурда оор абалда. Өкмөт башчы мындай учурда чечкиндүү болушу керек. Сууга болгон баа, чөнтөк телефонго 100 сом төлөө көтөрүлүп жатат. Өкмөттө жогорку деңгээл болушу керек. Эл туура айтып жатат, көп кемчилик бар, чечкиндүү кадам жок болууда.
Күзүндө жаңы өкмөт түзүлүшү керек. Биз карап жатабыз, мисалы, Швейцария өнүккөн өлкө, ал жакта 10 министр отурат. Биздин өлкөгө деле 10 министр жетет деген сунуш киргиздим.
Премьер-министр негизи парламентке баш ийиш керек, учурда факт түрүндө президентке баш ийүүдө, кош бийлик пайда болууда. Биз Конституциялык реформа жүргүзүп, президенттик же парламенттик системге барышыбыз керек", - деди Кулов.