Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев салыкты жогорулатуу боюнча: "Бюджетти толтуруу, көмүскө экономиканы жоготуу үчүн "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу керек"

Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Качкынбаев сатуудан түшкөн салыкты көбөйтүү Японияга терс таасир бергенин айтты.

"Япониядай мыйзам иштеген өлкө болгонубузда салыкты акырындан көтөрсөк болмок. Биз азыр ал деңгээлге жете элекпиз. Салыкты 5 пайызга көтөргөн учурда ачык төгүп жүргөндөргө өтө оор болуп калат. Жаңы бизнес ачып жаткандарга да катуу сокку болот. Ал эми кирешесин жашырып жүргөндөрдөн 1 пайыз эмес, 100 пайыз кылсаң да пайда жок. Бул демилге, тескерисинче, көмүскө экономиканы күчөтөт, коррупцияга түртөт. Бизге пайда алып келбейт. Демилгечилер, менимче, Орусияны туурап жатышат. Орусияда да салыктын бул түрү көтөрүлгөн. Алар эми кыйналышууда. Японияда да сатуудан түшкөн салыкты 2014-жылы 5 пайыздан 8 пайызга көтөрүшкөн. Алар бул демилгени 8 жыл талкуулашып, кийин гана Япон парламенти колдоп берген. Алар инфляцияга учурап, аргасыздан ушул кадамга барган эле. Алардын планы боюнча, 2016-жылы 8 пайыздан 10 пайызга жогоруламак. Бирок 2015-жылы продукциянын суммасы жүргүзүлгөн сооданын суммасынан 1,2 пайызга көп чыккан. Ошондон улам бул демилге ишке ашпай калган. Бизде салыкты көтөрүүгө илимий негиз же маанилүү аргумент айта албай жатышат. Демилгечилер бул сунушту кокустан эле көтөрүп чыгышты. Мыкты экономикага ээ болгон Япония бул кадамдан баш тартты. Биздин министрлик эмнеге мындай кадамга барып жатканы түшүнүксүз. Бюджетти толтуруунун, көмүскө экономиканы жоготуунун жолдору көп. Мисалы, Сапар Исаковдунучурунда сунушталган "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу керек эле. Бул анын демилгеси эмес. Аны көптөн бери өлкөдөгү либерал-демократтар сунуштап келген. Тейлөөнү, салык төлөөнү электрондук түргө өткөрүп койсок туура болмок. Эл өзү эле электрондук капчык аркылуу акчаларды төгүп баштамак", - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдива, Айсулуу Мамашова, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан