Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.
Анын айтымында, премьер-министр бул демилгени колдойм же колдобойм деп позициясын аныктай элек.
"Мен бул маселе боюнча өкмөткө кирип чыктым. Бул Панкратовдун өзүнүн демилгеси экен. Экономика министри демилгени өкмөткө алып келе элек. Өкмөт муну колдобойт болушу керек. Министрлик накталай акча жүгүртүүнү азайтабыз деп демилгелеп жатыптыр. Бирок мындай болгон учурда жеке ишкерлерге кыйын болуп калат. Чоң фирмаларга көп деле кыйынчылык келтирбейт. Жеке ишкерлерге, накталай иштеген майда дүкөндөргө оор болуп калат. Жеке ишкерлердин бардыгын электрондук түрдө иштегиле деген туура эмес. Буга коомчулук даяр эмес. Элди ошого өткөрөм деген - бул кыйноо. Бизде электрондук түрдө соода кылууга шарттар түзүлө элек. Азыр бул демилгени колдобош керек", - деди Маматалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, Эльвира Сурабалдива, Акылбек Жапаров, Дастан Бекешев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.