Борбордук шайлоо комиссиясы Токтайым Үмөталиеванын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча 31-июлда жазган арызын карап, арызды канааттандырган жок. Мындай чечим бүгүн, 6-августта БШКнын 9 мүчөсүнүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине "макул" деген добушунун негизинде аныкталды.
БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиевдин пикиринде, Бишкек шаардык комиссиясы Үмөталиеванын арызын мыйзамдын негизинде караган.
"Мыйзам боюнча өзгөчө статустагы шаарлардын мэрин шаардык кеңештин фракциясы жана премьер министр гана көрсөтө алат. Биз Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын ишинен мыйзам бузуу тапкан жокпуз, шайлоого 1 талапкердин катышканы мыйзамга каршы эмес", - деди Асаналиев.
Ал эми БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү чечимде "каршы" деп добуш берген 2 адамдын бири. Анын айтымында, Бишкек аймактык комиссиясы талапкердин арызын толук кандуу караган эмес.
"Мыйзам боюнча Токтайым Үмөталиеванын арызын кабыл алышы керек болчу. Эгер Бишкек мэрлигине талапкердин документи жетишсиз болсо, аймактык шайлоо комиссиясы арызды кайтарып берип 24 саат ичинде талапкерге документтерин чогултуп келүүсүнө шарт түзүп бериши керек эле. Мындан сырткары аймактык шайлоо комиссиясы жыйын өткөргөндө экинчи тарапты чакырган эмес", - деди Абдрахматова.
Эске салсак, Токтайым Үмөталиева 30-июлда Бишкек мэрлигине талапкер болуу үчүн өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен документтерин тапшырган. Бирок Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди шаардык кеңештин депутаттары жана премьер-министр гана көрсөтөрүн айтып, анын арызын кабыл алышкан эмес.