"Соттор Ак Үйдүн тапшырмасы менен чечим чыгарбайт" деп бүгүн, 7-августта Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, саясий ишмерлердин ишинде болобу же башка сот иштеринде болобу үчүнчү тарап таасир өтүүгө мыйзам жол бербейт. "Коомдо пайда болгон соттор Ак Үйдөн чыккан чечимге жараша чечим чыгарат дегенге кошулбайм. Иштин өзү менен таанышпай туруп эле коомдо ар кандай пикирлер жарала берет", - деди Токбаева.