"Манасбек Арабаев тарабынан сот чечимдерине көрсөтмө берилген эмес" дейт Айнаш Токбаева

"Манасбек Арабаев тарабынан сот чечимдерине көрсөтмө берилген эмес", - деди бүгүн, 7-августта маалымат жыйында Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева.

"Жеке менин ишмердигим учурунда Арабаев тарабынан "мындай чечим чыгар" деген сыяктуу эч нерсе айтылган эмес", - деди ал.

Мындан тышкары Токбаева мурдагы судья Гүлчехра Оморованын маселесине дагы токтолду.

"Ал эми Гүлчехра Оморованын ачык каты боюнча айтсам. Оморова президенттин буйругу менен кызматынан бошотулган. Ачык катында айтылгандай, чын эле кайсы бир тараптан көрсөтмө берип чечим чыгарткан болсо, ал эч кимди укпаш керек болчу. Угуп туура эмес кылган", - дейт Токбаева.

Айта кетсек, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февралынан 2018-жылдын 15-майына чейин Манасбек Арабаев аркалап келген. Ал "саясий жетекчиликтин ишениминен чыкты" деген жүйө менен иштен алынган. Буга чейин Арабаевдин дарегине "Ак Үйдөн туруп сотторго кураторлук кылууда" деген сындар айтылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан