Жогорку Соттун төрайымы 3 судьяга козголгон кылмыш иши боюнча: "Мага расмий документ келе элек"

"3 судьяга козголгон кылмыш иши боюнча мага расмий документ келе элек. Өткөндө бул судьялар боюнча айткам, ошол эле пикирдемин", - деди бүгүн, 7-августта маалымат жыйында Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева.

Токбаева 3-июлда өткөн маалымат жыйында кимдерге кылмыш иши козголгонун так айта албай турганын билдирген.

Эске салсак, 2-июлда Башкы прокуратура көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун мыйзамсыз камалышы боюнча Жогорку Соттун үч судьясына, Жогорку Соттун аппаратынын жана Бишкектин №1-СИЗОсунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан