Саясат таануучу Марс Сариев: "Мэрлерге кылмыш иши козголгондо шаардык кеңеш моралдык жактан жооп берүүсү шарт"

Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталынын "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.

Ал мэрлерге кылмыш иши козголсо шаардык кеңеште күнөө бар деген пикирде.

"Анткени коррупциялык иштер ачылып жатат. Шаардык кеңештин депутаттары бул схемаларды билиши керек болчу. Мэрди шайлаганга чейин талапкер тууралуу тактап билиши зарыл. Шаардык кеңеш дагы ушундай схемалардын ичинде болушу мүмкүн деген да ой келет. Моралдык жагынан алганда азыркы шаардык кеңеш иштебей, таратылышы шарт. Мэрлерге кылмыш иши козголгону боюнча шаардык кеңеш жооп бериши абзел", - дейт Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, экс-депутаты Аида Салянова, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан