УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев: "Мэрлерге кылмыш иши козголсо, шаардык кеңешти күнөөлөп, аларды таркатуу туура эмес"

Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталынын "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген соболуна УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жооп берди.

Ал өз сөзүндө мэрлерге карата иш козголсо шаардык кеңеш таркатылышы керек дегенге кошулбай турганын айтты."Менин оюмча, шаардык кеңештин депутаттары татыктуу эле адамдарды көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Мэрлердин шайлангандан кийинки ишмердиги башка кеп. Бул жерде шаардык кеңештин депутаттарын күнөөлөп, аларды таркатуу керек деген туура эмес. Анткени алар мыйзам чегинде өз ишин аткарып жатышат. Ал эми жоопкерчилик боюнча карай турган болсок, шаардык кеңештеги депутаттардын жоопкечирлиги каралышы керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттары деле өкмөттү сындап жатпайбы. Бирок алар өкмөттү шайлаганына карабай жоопкерчиликке тартылган жок. Бийлик бутактарынын жакшы иштебей жатканы – бул мамлекеттик башкаруунун сапатынын начардыгы. Өнүккөн өлкөлөрдө бийлик бутагындагы ар бир жетекчинин жоопкерчилиги каралат. Бизде болсо бийликке таандык болгон партиядан болсоң болду, мыйзам сен үчүн эмес. Кызматта туруп алып партиянын тапшырмасын аткаргандын ордуна каалагандай бийлик жүргүзө берсең болот. Мына ушул системди жок кылуу керек", - деди Дүйшөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, экс-депутат Аида Салянова, саясат таануучу Марс Сариев, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан