Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталынын "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген соболуна Аида Салянова жооп берди.
Экс-депутат туура эмес адамды шайлап койду деп шаардык кеңешти таратуу боюнча мыйзамда негиз жок экенин айтты.
"Шаардык кеңештин мыйзамда көрсөтүлгөн, таратыла турган шарттары бар. Ал жерде туура эмес адамдарды шайлап жатат деген негиз жок. Мыйзам менен караганда ушундай. Шайлоо учурунда шаардык кеңештин депутаттарынын колунда мэрликке талапкер туура эмес иштерди жасаганы тууралуу маалымат болуп туруп шайлаган болсо, анда моралдык жоопкерчилиги жөнүндө гана кеп кылсак болот. Негизи депуттардын жоопкерчилиги жөнүндө алар кандайдыр бир чечим кабыл алганда эмес, алар шайланып жатканда ойлонсок жакшы болмок. Кылмыш иши козголгон мэрлердин баарын бириктирип айтуу туура эмес, ар бири жөнүндө өз-өзүнчө кеп болуш керек деп ойлойм", - деди Салянова.
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, саясат таануучу Марс Сариев, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.