Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна саясат таануучу Марат Казакбаев жооп берди.
Анын айтымында, аз эле убакыт иштеген адамды башка кызматка которуу туура эмес.
"Мындай аз убакыттын ичинде кызматкер эч нерсе жасай албайт. Бир орундан экинчи жерге которуу туура эмес. Бир кызматта өзүнүн ишин көрсөтүүсү керек. Жаңыдан үйрөнүп жатканда башка жакка которуп салса натыйжа бербейт. Мунун баарын өкмөт карап чыгышы керек. Жок дегенде коюлган мөөнөттүн жарымын иштесе жакшы болмок. Өкмөттө "бардак" болуп жатат. Мындан улам коомдо нааразычылыктар болууда", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, саясий ишмерлер Кубатбек Байболов, Эмилбек Каптагаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.