Саясий ишмер Кубатбек Байболов: "Кызматтан алынбай иштеш үчүн бийликтин партиясынан болушуң керек"

Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна саясий ишмер Кубатбек Байболов жооп берди.

Саясий ишмер өз сөзүндө, акыркы учурдагы кадрдык өзгөрүүлөр мамлекеттик түзүлүштүн начарлыгынан кабар бере турганын айтты.

"Бизде мамлекеттик кызматкерлер ар кандай себептерден улам кызматтан алынат. Биринчи кезекте географиясы, биографиясы туура келбегендер жана моюн толгогондор кызматтан бошотулат. Бул 30 жылдан бери келе жаткан жаман көрүнүш. Мындай нерселердин кайталана бериши мамлекеттик түзүлүштүн начарлыгынан, кесипкөйлүктүн төмөндүгүнөн кабар берет. Бул көйгөйдөн чыгууга узак убакыт талап кылынат. Адегенде бийликтин үч бутагын калыбына келтирүү зарыл. Өткөн чакырылышта жана азыркы парламентте отургандар топ-топ болуп алып бардык чарбалык иштерди чечип, кадрларды кызматка алып, кызматка бекитүүнү тескеп келишти. Бардык маселе мына ушул жараксыз тажрыйбадан келип чыгууда. Азыр мамлекеттик мекемени кызматтан түшпөй жетектеп туруу үчүн бийликтин партиясынан болушуң керек", - деди Байболов.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясий ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Марат Казакбаев, Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан