Экс-депутат Асия Сасыкбаева акыркы учурдагы кадр саясаты боюнча: "Мамлекеттик кызматты оюнчук кылып алышты"

Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.

Сасыкбаева кадрларды алмаштыруудан майнап чыкпайт деген пикирде.

"Кадрларды алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөй келүүдө. Болгону элдин кыжырына тийип жатышат. "Жети жолу өлчөп, бир жолу кес" деген макал бар. Аны эске албай жатышат. Башында атка кыйшык отурушат, ошондуктан жасаган иштеринен мамлекетке пайда болбойт. Мамлекеттик кызматты оюнчук кылып алышты. Мамлекеттик ой-жүгүртүү жок, кыска мөөнөттүк кызыкчылыктар үстөмдүк кылууда. Акыркы жылдардагы шаар башчы кызматын карап көргүлө. Бул кызматка кимдерди гана алып келишкен жок. Соттолушту, кызматтан алынды, бирок сабак болгон жок. Бүгүн дагы шайлоо өткөрбөй бирөөнү коюшту, анткени шайлоо альтернативаны талап кылат. Эл мыйзамдарды бузбагыла десе да өз билемдик кылып дайындашты. Кыскасы, башаламан, мамлекет боло алабызбы деген коркунуч бар", - деди Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, саясий ишмерлер Кубатбек Байболов, Эмилбек Каптагаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучулар Марат Казакбаев, Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан