Юстиция министри Айнур Абдылдаева, өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Мурат Мукамбетов иштегенине 4 ай боло элек жатып кызматынан бошотулушту. SUPER.KG порталынын "Бул кадрдык өзгөрүүлөр эмнени билдириши мүмкүн?" деген соболуна саясат таанучу Даниел Кадырбеков жооп берди.
Анын пикиринде, бул кадрдык өзгөрүүлөр өтө деле маанилүү эмес.
"Мурат Мукамбетов менен Айнур Абдылдаеванын иштен кеткенинен кандайдыр бир маани издөөнүн деле кереги жок деп ойлойм. Себеби азыр Жогорку Кеңеште, президенттик аппаратта отургандар бийликти феодалдар катары эле бөлүштүрүп алган. Албетте, президент өзүнө ыңгайлуу кишилерди кызматка тартууга аракет кылат. Себеби юстиция министри болобу, аппарат жетекчиси болобу саясий жана административдик суроолордо чоң ролду ойнойт. Ошондой эле ар кандай мыйзамдарды кабыл алууда жана атайын саясатты жүргүзүүдө алардын орду чоң. Бийлик башындагылар азыр “бул кызмат сага, бул кызмат мага” деп эле кадр саясатын жүргүзүп келүүдө. Бизнесмендердин бизнесине эмес, мамлекеттин абалына карап иштерди жасай турган жаңы саясий топ бийлик башына келгенге чейин кадр саясаты ушундай өңүттө кете берет", - деди Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясий ишмерлер Кубатбек Байболов, Эмилбек Каптагаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.