Президент Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына даярдык менен таанышты

8-августта президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) саммитине даярдыктын жүрүшү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Кеңешмеде аталган иш-чараларды уюштуруу боюнча комитеттин төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери спорттук жана маданий иш-чаралар өтө турган объектилердин даярдыгы тууралуу маалымат беришти.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун делегациялардын учактарын кабыл алууга даярдыгы тууралуу айтып берди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өкүлдөрү чакырылган өлкөлөр боюнча маалымат берди. Ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов көчмөндөр оюндарына карата спортчулардын даярдыгы боюнча отчёт берди.

Режиссёр-коюучу Алтынбек Максүтов Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы жана жабылышынын сценарийинин долбоорун сунуштаса, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев саммитке даярдыктын жүрүшү, күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул иш-чараларга дыкаттык менен даярдык көрүүнүн маанисин белгилеп, бардык даярдык иштерин мурда белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча милдеттерди койду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) саммити 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан