Экс-депутат Феликс Кулов: "ЖЭБди жаңылоо боюнча депутаттар дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деген туура эмес"

ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. SUPER.KG порталынын "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.

Ал депутаттар ЖЭБди жаңылоо боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек дегенге кошулбай турганын айтты.

"ЖЭБди жаңылоо боюнча депутаттардын жоопкерчилиги каралуусу зарыл дегенге кошулбайм. Бул туура эмес. Парламенттик комитет буйрук эмес, сунуш катары гана уруксат берет. Депутаттардын арасында адистер жок. "Ар-Намыс" фракциясы "Сибэнергомаш" заводунун кытайлык ТВЕА компаниясы тууралуу айтканы боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдогон. Анда аталган завод кытайлык компания заманбап техникалык талаптарга, экологиялык коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербегенин билдирген.

Жогорку Кеңеш келишимдин майда-чүйдөсүн караган жок. Бул жерде ошого тийиштүү чиновниктер жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Кулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Акылбек Жамангулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан