ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. SUPER.KG порталынын "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жооп берди.
Касымалиева ЖЭБ боюнча маселеде депутаттарга укуктук баа берүүгө эч кандай негиз жок экенин айтты.
"Парламенттин жоопкерчилиги бар дегенге мен кошулам. Себеби эл аралык келишимдерди кабыл алып жатканда кылдат карашыбыз керек. Комитеттерде, фракцияларда шашылыш карап 3 окуудан дароо өткөн эл аралык келишимдерге каршымын. Биз ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда иштеп жатып тааныштык. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети кылдат караш керек эле. Алардын төрагалары да карап чыгып, ушул жерге кол койсо болот же болбойт деп өздөрүнүн пикирин айтышы керек. Менин билишимче, аталган комитет кемчиликтерди белгилеген. Саясий, моралдык жактан депутаттардын жоопкерчилиги бар. Укуктук жактан алганда Сапар Исаковдун жактоочусу айткан пикир өчөшүү эле болуп жатат. Депутаттарды жоопкерчиликке тартуу үчүн укуктук негизди көргөн жокмун. Чынында документтер ШКУнун алдында өкмөттүн суранычы менен шашылыш кабыл алынган. Азыр деле тез кабыл алынган документтер келип калат. Мен бул нерсеге каршымын, мунун кесепетин көрүп жатабыз", - деди Касымалиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Феликс Кулов, Каныбек Осмоналиев жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.