Эксперт Расул Умбеталиев: "ЖЭБ боюнча Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги бар"

ЖЭБди жаңылоо боюнча чиновниктерди гана эмес, депутаттарды да жоопкерчиликке тартуу керектиги айтылууда. SUPER.KG порталынын "Ири долбоорлор боюнча кредит алууда өлкөнүн кызыкчылыктарынын корголушуна Жогорку Кеңеш да жооп бериши керекпи?" деген соболуна энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикири төмөнкүчө болду.

Умбеталиев депутаттардын жоопкерчилиги бар экенин айтты.

"Жогорку Кеңештин да бул жерде жоопкерчилиги бар. Эмне үчүн дегенде ири эл аралык келишимдерде парламент мыйзамды кабыл алып, уруксатын берет. Бишкек ЖЭБди жаңылоо долбоору башталгандан кийин Кытайга ТВЕАнын чакыруусу менен алгач 5 депутат, кийин 14 депутат барган. Бул депутаттарды ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ээрчитип барган. Ошол кездеги тийиштүү комитеттердин төрагалары Курманбек Дыйканбаев, Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев комитеттердин корутундуларын чыгарып, Бишкек ЖЭБди жаңылоого уруксат берген. Ал жерде эч кандай документ болгон эмес, техникалык-экономикалык негиздемеси, проект болгон эмес, оозеки эле айтылган. Парламент бир күндө 3 окуудан өткөрүп бекитип берген. Бул жерде мыйзам бузулган, регламент боюнча ар бир окуунун ортосунда 15 күн болуш керек. Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып бербегенде, мыйзамга кол коюлмак эмес, күчүнө кирмек эмес. Ошол себептен бул жерде парламент депутаттарынын да жоопкерчилиги каралышы керек. Негизинен комитеттин төрагаларын жоопкерчиликке тартыш керек, себеби алар комитеттерде кабыл алган, аларга ишенип Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берген", - деди Умбеталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Акылбек Жамангулов, экс-спикер Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Феликс Кулов, Каныбек Осмоналиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан