Президент Улуттук банктын төрагасына чакан бизнести насыялоонун көлөмүн арттыруу боюнча активдүү иш жүргүзүүнү тапшырды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, ага чакан бизнести насыялоонун көлөмүн арттыруу боюнча активдүү иш жүргүзүүнү тапшырганын президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда Улуттук банктын төрагасы ишке ашырылып жаткан акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле мамлекет башчыга чакан ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди.

Тагыраак айтканда, Улуттук банктын "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун капиталына кириши жөнүндө маселе каралды. Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, кепилдик фондун капиталдаштыруу региондордо берилип жаткан насыялардын санын жана көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук банктын кепилдик фондунун капиталына кириши үчүн тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкты жана коомдук талкууга чыгарылган.

Мындан тышкары, Толкунбек Абдыгулов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусу тарабынан Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен кепилдик фондго 100 миллион сом насыя берилгенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээги мекендештер менен болгон жолугушууну жана "Мекендештер" форумуна катышканын эске салды.

Ал чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргыз жарандары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга даяр экенин белгиледи. "Көптөгөн мекендештерибиз каражаттарын өлкөбүздүн экономикасына инвестициялоого, биргелешкен заводдорду, социалдык объектилерди курууну каалашат. Биздин милдет - бул үчүн аларды тийиштүү инструменттер менен камсыз кылып, колдоого алуу. Ушуга байланыштуу Улуттук банк өкмөт менен биргеликте тийиштүү иш жүргүзүшү керек", - деп белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлер үчүн насыялардын үстөгүн мындан ары төмөндөтүү үчүн чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Андан сырткары санариптик финансы мейкиндигин, банк инфраструктурасын өнүктүрүү, накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, ошондой эле өлкөнүн региондорунда банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүү маселелерин Улуттук банктын жана бүтүндөй банк системинин ишинин артыкчылыктуу багыттары катары атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан