Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев: "Миграцияны трагедия дагы, мүмкүнчүлүк деп да айтсак болот"

Экс-президент Роза Отунбаеванын миграция тууралуу сөзү талашка түштү. SUPER.KG порталынын "Миграция өлкөнүн трагедиясыбы же мүмкүнчүлүгүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев жооп берди.

Эл өкүлү миграция маселесин эки тарабынан тең карап көрүш керек экенин айтты.

"Миграцияны трагедия, мүмкүнчүлүк деп дагы айтсак болот. Өлкө жумуш менен камсыздап, жарандар сыртка чыкпай өз жеринде иштесе жакшы болмок. Бирок өлкөдө жумуш орундары жок болгондуктан алар өз ырыскысын башка жактан издеп кетишүүдө. Түркияны мисал катары алсак, 30 жыл мурун ал өлкөнүн эли да Европага көп чыгып кетишкен. Кийин кайтып келишти, учурда мында алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Бизде келечекте экономикабыз көтөрүлүп элибиз кайтып келет деген ишеничтемин. Калктын 4 миллиону ишке жарамдуу болсо, анын жарымы сыртка чыгып кетүүдө, жумушчу күч, жакшы кадрлар кетип калууда. Бара-бара бул маселе тереңдеп, кадр көйгөйү жаралышы мүмкүн. Ушул жагынан алганда трагедия. Учурда ар бир үй-бүлөдө жок дегенде сыртта иштеп жүргөн бирден адам бар. Менин көз карашым боюнча, учурда мигранттардын мамлекетке пайдасы көбүрөөк, өлкөбүздүн экономикасына салым кошуп жатышат. Алар салган каражат менен элдин жашоосу өтүүдө. Учурда эл өкмөткө үмүт артпай калды, эл сыртка чыгып каражат таап, үй салып, уул-кыз окутуп, өзүнө-өзү ишенип калды", - деди Келдибаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активисттер Зулпидин Нурматов, Нурсултан Алтыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан