"Ош базарынын" айланасындагы мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектер Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан алынды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары жана медициналык жабдыктар менен камсыздоочу департамент Бишкек шаардык ИИБи менен биргеликте "Ош базарынын" айланасындагы мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектерди текшерди. Текшерүү иштеринде 357 дары-дармек мыйзамсыз сатылып жаткан жеринен алынды. Алардын 175и 81 591 сомго бааланса, калган 182 дары-дармектин жалпы суммасы тактала элек. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги ар бир жаранды ден соолугуна кам көрүү үчүн дарыканалардан гана дары-дармектерди алууну эскертет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан