Бүгүн президенттин катышуусунда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-августта саат 10:00дө Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VII жыйыны өтөт.

Аталган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышат.

Бул жыйында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору жөнүндө маалымат берилип, талкууланат. Иш-чаранын аягында аталган долбоор боюнча чечим кабыл алынмакчы. Ошондой эле 2020-жылга карата шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси да каралат.

Аталган жыйынга өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан