"Чүй өрөөнүнүн аймагынан орун алган Чуңкурчак жайлоосуна келген туристтер ажаткана таппай кыйналууда" деген видеосун окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Туристтер көбүнчө эс алган, болжол менен 3 чакырымдай жерде бир да ажаткана жок. Айла жоктон бир топ жолду басып келип, аккан сууну кечип өтүп жергиликтүү тургундардын ажатканасына барууга туура келүүдө. Суу алыстан кичинекей эле арыктай болуп көрүнгөнү менен, бардык эле адамдар аны кечип өтө албайт. Суунун агымы күчтүү. Ошондуктан бул жакка 400 метрдей аралыкка бирден даараткана коюлса жакшы болмок", - дейт окурман билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.