ЭЛДИК КАБАР: "Базар-Коргондо айыл элинин нааразычылыгына карабай жөө жүргүнчүлөр өткөн көпүрөдөн унаалар да өтөт. Айыл өкмөт чара көрбөй жатат" дейт окурман

"Базар-Коргондо жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган көпүрөдөн жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтүп жатып көпүрөнү жарактан чыгармай болду", - деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөттү.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, жөө жүргүнчүлөр үчүн салынып, ишке берилгенине аз гана убакыт болгон көпүрөнүн абалы күн өткөн сайын начарлап барат. Мындан улам көпүрө аркылуу райондун борбору менен байланышкан Жипром, Могол айылдарынын тургундары унаалардын өтүүсүнө тыюу салуу үчүн жергиликтүү бийликке кайрылган. Бирок эч кандай иш-аракеттер көрүлгөн эмес. Көпүрөнүн ширетилген жерлери ажырап, кооптуулукту да жаратууда.

"Негизи райондун борборуна унаа менен бара турган жол башка, көпүрө аркылуу өтпөй ал жол менен барса 3 чакырымга алыс болуп калат. Айдоочулар ошол жолдон айланып баруудан эринип, көпүрө аркылуу өтүп жатышат. Ал сынып калгандан кийин эмне болот? Жөө адамдар эле кыйналат.

Көпүрөнүн ишке берилгенине аз гана убакыт болду. Ал жерде унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат деген белги да бар", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2018-08-13 13:30:12
Элдер озунор машина ото албагыдай кылып цементтер менен тосуп койгулада
+1
Nurbollot
2018-08-13 13:47:46
Көпүрөнү өзү жакшы салбаган ийилип турат. Машина өткөрбөш керек
0
Ilgiz2601
2018-08-13 14:21:09
Бул жерде знак турбайбы только грузовым траспортам запрещено.женил машина болсо ото берет.бир нерсени билип текшерип анан жазгылачы
0
anonymous
2018-08-13 17:08:04
Эки жагына блок койуп койсо болот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан