Жарандык активист Адил Турдукулов: "Сот бийлиги - өлкөдө адилеттүүлүк бар же жоктугун көрсөткөн бутак"

2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу төмөнкүдөй болду.

Турдукуловдун айтымында, сот реформасынын жүрүшүнө бардыгы кызыкдар болушу керек.

"Сот бийлигинин көз карандысыздыгына жетүү комплекстүү жана башынан баштап карай турган маселе. Бул маселени чечүүдө жеке эле президент эмес, башка бийлик бутактары, коомчулук, жалпы элибиз кызыкдар болбосо, маселени чечүү кыйынга турат.

Сот бийлиги - бийлик бутактарынын негизгиси, себеби өлкөдө адилеттүүлүк барбы же жокпу деген суроого жооп берчү бийлик бутагы. Ошондуктан формалдуу юридикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен көз карандысыздыкка жетүү маселеси чечилбейт. Бир гана соттук системди өзгөртүү менен да маселе чечилбейт, сотко чейинки иштерди аткара турган УКМК жана Башкы прокуратуранын ишин ачык, так, адилеттүү кылыш керек.

Ошондой эле соттордун айлык акысын көтөрүүнү, соттордун чыгымдарын текшерүүнү да колго алыш керек жана ачык өткөн соттук отурумдарды онлайн режиминде кылуу керек. Сотторду тандоодо дагы тааныш-билиш эмес, адилет сотторду тандоо керек. Мыйзамсыз чечимдерди чыгарып келген соттор кайра тандалбашы керек. Башынан баштап, сотторун өзүндөгү жоопкерчиликти күчөтүп, тартипти бекемдебесе кандай өзгөртүү болсо да реформа жүрбөйт", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Шарабидин Токтосунов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан