Депутат Мирлан Жээнчороев: "Соттордо адилеттүүлүк болбосо эч кандай реформа алдыга жылбайт"

2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Ал соттор адилеттүү иштеш үчүн саясий чечим керек деген пикирде.

"Эч бир бийлик бутагынын өкүлү соттун ишине кийлигишпеши керек. Бирөөнүн кийлигишүүсү менен чыккан соттун чечими аёосуз күчөтүлгөн жоопкерчилик менен каралышы зарыл. Өмүр бою ушул кесипке жолобой тургандай кылып жоопкерчиликке тартуу шарт.

Эң башкы маселе - сотко ишеним пайда болуш үчүн аткаминерлер өздөрүнөн баштап, сот бийлигине кийгилишпеши абзел. Соттордун жоопкерчилиги күчөтүлүп, баскан-турганынан бери изилдеп карап туруу зарыл. Соттордун адилеттүүлүгүнө күмөн санаганда эле кызматтан кетире тургандай мүмкүнчүлүк болуш керек. Соттордо адилеттүүлүк болбосо эч кандай реформа алдыга жылбайт", - деди Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Исхак Масалиев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, юрист Шарабидин Токтосунов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан