2010-жылдан бери ар бир президент негизги милдети катары сот реформасын ишке ашыруу керектигин айтып келет. Сооронбай Жээнбеков моюнунда бул милдет бар экенин эске салды.
SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн ал реформа ишке ашпай жатат? Канткенде өлкөдө соттор көз карандысыздыкка жетип, адилеттүү иштей башташат?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Ал сот реформасы үчүн эч нерсе жасалган жок дегенден алыс экенин айтты.
"Сот реформасы үчүн мамлекет кандайдыр бир аракеттерин жумшап жатат. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Сотторду каржылоо, жабдык менен камсыз кылуу жагынан жылыштар бар деп айтсак болот. Айлыктары көбөйүп, жаңы имараттар курулууда. Адилеттүү иштөө үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Сот реформасынын негизги көрсөткүчү - бул элдин ишениминин өсүшү болуп саналат. Бирок ишенимдин деңгээли азыркы күндө абдан эле төмөн. Аны баарыбыз эле байкап турабыз. Ошондуктан негизги көйгөй соттордун өздөрүндө болууда.
Мурда соттордун айлыгы аз, жаман шарттарда иштейт деп айтылып келген. Азыркы учурда шарттардын баары түзүлгөн. Бирок сот адилеттүүлүгү жана мыйзамдуулук оңолбой жатат. Негизги көйгөй соттордун өздөрүндө. Демек, сотторду тандоо процедурасын өзгөртүш керек. Бүгүнкү күндө кемчиликтер абдан көп, мисалы, кесипкөйлүгүн текшерип, ошол жагына көңүл бурулуп жатат. Биринчи моралдык сапаттары текшерилиши зарыл. Башка мамлекеттик кызматтагыларга салыштырмалуу соттун моралдык сапаттары жогорку деңгээлде болуусу шарт. Моралдык сапаттарын, абийирдүүлүгүн текшере турган процедура, механизм жок. Соттор өздөрү көз каранды эмес болгусу келбейт. Өздөрү мыйзамдагы кепилдиктерди пайдаланышпайт. Соттордун иштерине бирөө кийлигишип жаткан болсо, кылмыш жана жаза жоопкерчилиги бар. Бирок сотторго басым болуп жатса дагы кайрылышпайт. Сот системин тазалаш керек. Бошогон орундарга келе турган сотторго талаптарды күчөтүү зарыл", - деди Сооронкулова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, юрист Шарабидин Токтосунов, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.