ЭЛДИК КАБАР: "Ош облустук төрөтканасында бир күн суу жок болду. Жаңы төрөгөн энелер жүдөп жатат" дейт окурман

"Бүгүн, 13-августта Ош облустук төрөтканасында эртеден кечке чейин суу жок болду" деп окурман "Элдик кабарга" билдирүү жөнөткөн.

Маалыматка караганда, суу бүгүн эртең менен өчүрүлгөн бойдон бериле элек.

"Өзүңүздөр элестетип көрүңүздөр, жаңы төрөгөн келиндер үчүн суунун жоктугу канчалык кыйын. Даараткананын абалын айтпай эле коёюн. Төрөтканада сууну токтотуп коюунун алдын алыш керек болчу", - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ош шаарында төрөт үйүндө суу өчүрүлүп энелер кыйналып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
-Sumitra-
2018-08-13 20:16:41
Ош шаары боюнча суу жок болду го бугун.
+4
asman.81
2018-08-13 20:20:48
Ош суу башкармалыгы эскертпей туруп очуруп салат,ошончо шаар тургундарын эске албай.Элдик кабарга жонотконмун мен да эрте менен,балалуу,оорулу адамдар бар деп,негедир чыгарышкан жок.Айрыкча ысыктын кунундо шаар тургундары жудодук.Бул биринчи эмес,дайыма эле эскертуусуз очуруп салат.Бул суу башкармалагынын шаар тургундарын тоготпогонубу?
+5
Aquarius84
2018-08-13 20:44:33
Төрөт каналар качан оңолот, байкуш аялзатын ойлогон адам жок. Заманабыз өзгөрүп атат,торот каналарыбыз ошол бойдон калууда.
+2
nukura_jigit
2018-08-13 20:57:33
Чын эле Ошто ар айда эле суу токтой берет
+3
Andrei25
2018-08-13 22:09:05
Дагы эле жок1
+2
Bilal2014
2018-08-13 22:22:01
Эскертип очурушсо эмне болот калп эле суу ылай келип атат деп алдашат.менимче оздорундо кутулбогон авария болду окшойт шаарда дагы деле суу жок саат 22:22
+3
Bilal2014
2018-08-13 22:25:10
Коп кабатуу уйлордогулор аябай кыйналышты элдин баары челек которуп булактага жоноп эми озунор билесинерда унитазга суу куйбасан уйун которулуп кетет эскертип койушса кичине запас суу алып алат элек
+2
asman.81
2018-08-13 22:41:43
Кабарчылар чалса,суу ылайланды деп коет,кимде куноо,эскертилбей ошончо адам кыйналгандары менен чатагы жок.Шаар жеринде же жакын арада суу жок,челектеп ташыганга.Кана жаны мэрден жооп кутолучу.
0
patiydin
2018-08-13 23:10:34
Урматтуу ЭЛ жамгыр сиздерге азыр коп жааймын, сел болот, суулар ботко болуптур агат дебейтта. Суулар ылайка келсе эмне кылсын суучулар. Бир эле Эл колдончуу фильтр 600$ турат. Ал жерде анан чон фильтр болсо керек.
0
jasgul
2018-08-13 23:15:41
patiydin,МЧС эскерткенден кийин суучулдарын да ошого жараша даярдык коруш кк эле эскертиппи, запас топтоппу дегендей. Эл кайдан билсин Ошко жамгыр тогуп жаабагандан кийин.
+1
patiydin
2018-08-13 23:46:53
jasgul,кордунго ноокатта жамгыр жок,
алайда бар.
-1
Saidochka
2018-08-13 23:29:08
Авиагородокто почти күндө өчуп атат,дагы светке байланыштырып коюшкан,свет очсо,суу өчөт.олгондун үстүнө көмгөн кылып....супер силерден сураныч ушул суроолорубузга жооп алып берсеңиздер!
+1
Murat1191.mk
2018-08-14 01:45:11
Ассаламу алейкум урматтуу форумчулар Оозум бар деп эле сүйлөй бербегиле да. Аллахтын берген жамгырын ким токтото алат. Ошол жаандан улам сел жүрүп суу ылайка келет. Ак-буура тунуганча суу чыкпайт. Катуу айтсам кечирип коюңуздар!
-2
jasgul
2018-08-14 08:04:34
Murat1191.mk,Кудайдын жамгырын жаабасын деген эч ким жок бул жерде. Кундо кун жаап суу ылай болсо очуруп коюп карап отура береби бир чарасын коруш кк да.
+1
Nevestkaa
2018-08-14 09:44:06
2016-ж төрөгөнүмдө Ош обл төрөт үйүндө 3 күн суу өчкөн палатадагы аялдар жакын жашагандар суу ташып турган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан