Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык көрсөткүчтөрүнө жараша болот

Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык көрсөткүчтөрүнө жараша болот. Натыйжасыз ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек. Бул тууралуу 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынында билдирди.

"Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мыкты менеджерлер тартылып, мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга ɵткɵрүү тажрыйбасы киргизилет", – деди Абылгазиев.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатындагы учурдагы жаңы киргизүүлөргө басым жасады. Анын ичинде күтүлүп жаткандай, “Кыргыз почтасы” акционерлештирилет жана почта-банк түзүлөт. Муну менен бирге “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системине жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыкмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан