Депутаттар Конституциялык палатанын судьялык кызматына президент сунуштаган 3 талапкерди бекитип беришти

Бүгүн ЖКда Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына президент тарабынан сунушталган 3 талапкерди депутаттар колдоп, бекитип беришти. Алар: Мээрим Бобукеева, Эркинбек Мамыров жана Мукамбет Касымалиев. Бул 3 талапкер 7 жылга бекитилди. Добуш берүүдө Мээрим Бобукеевага депутаттардан 67 "макул", 15 "каршы", Эркинбек Мамыровго 74 "макул", 12 "каршы", ал эми Мукамбет Касымалиевге 84 "макул", 3 "каршы" добуш берилди. Айта кетсек, добуш берүү үчүн 87 депутат каттоодон өткөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан