КҮНСЕРЕП: Бишкек мэриясына алгач "Елизавета", анан "Аю курулуш" келди

Бүгүн, 14-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Акыркы 7 жылда өлкөнүн энергетика тармагына байланыштуу 307 кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын билдиришинче, анын ичинен 86 кылмыш иши токтотулуп, 36 иш кыскартылган. 175 иш сотко жөнөтүлүп, 104 адамга айып тагылган.

Албетте, кылмыштын бети ачылып күнөөлүүлөр жазаланышы керек. Бирок ири суммага муктаж тармак, эскилиги жеткен жабдуулар кылмыш иштерин козгоо менен жаӊыланып кетпейт. 2016-жылы өкмөт Энергетика министрлигин жоюп, ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясын түзгөн. "Бул орган энергетика тармагын башкарууда жалгыз оператор болуп, коррупциялык иштерди тыят" деген убада берилген. Бардык жоопкерчилик ушул органга жүктөлүп, холдингге буга чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеген Айбек Калиев жетекчи болуп дайындалган. 2 жыл өттү, жыйынтык барбы? Коррупцияга бөгөт коёт деген бул холдингдин директору Айбек Калиев өзү коррупцияга айыпталып учурда УКМКнын абагында отурат. Министрликтин холдингге айланышы тармакты оӊдоп жибербегени кайра эле миллиондук грант, насыяларга муктаж тармактан, эшик-терезеси жок, суукта тоңуп калган Бишкек ЖЭБинин имаратынан көрүнүп жатат.

Бүгүн "Түндүк электр" ишканасынын Директорлор кеӊешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тобу энергетика тармагына келген инвестицияны тоноп жүргөн, буга ЖЭБдин жаӊылоо иши далил деп билдирди. Көп күттүрбөй Аргынбаевге КСДП жооп кайтарды. "ЖЭБди жаңылоонун айланасындагы ызы-чуу - бул чыныгы коррупцияга каршы күрөштөн көңүлдү буруу амалы. Атамбаевдин убагында Кыргыз мамлекети энергетикалык көз карандысыздыкка жетти. Бул тармакта коррупцияга каршы күрөш Атамбаевдин тушунда башталды", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы 7 жылда энергетика тармагына 1 миллиард долларга жакын карыз алынды. Бул акчага Бишкек ЖЭБинин 30 гана пайызы жаӊыланып, жогорку чыӊалуудагы "Датка-Кемин" электр линиясы тартылды. Бийлик энергетикалык көз карандысыздыкка жеттик деп жарыялаганы менен алдыда өлкөнүн тышкы карызын төлөө, эскирген жабдууларды жаӊылап чыгуу өӊдүү иштер турат. Калиевдин буга чейин айткан кебине таянсак, энергетика системинде эӊ оор жумуштар 2019-жылдан тарта башталат. "Жылына бирден генератор алмаштыруу керек болот" деген ал парламентте.

Энергетика коррупционер аткаминерлерди байыткан акчалуу тармак. 2007-2009-жылдары энергетика министри болуп турган Сапарбек Балкыбеков Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кетип, Ирландияга баш калкалап кетти. Кыргыз бийлиги ага издөө жарыялап, Интерпол аркылуу тапканы менен өлкөгө кайтарып келе алган жок. ЖМКларда Балкыбеков Ирландиядан арал сатып алганы айтылып жүрөт. Эсте калганы - Балкыбеков энергетика министри кезинде өлкөдө светти 12 саатка чейин өчүрүүлөр кадимки көрүнүшкө айланып, өлкө караӊгыда калган. Апрель революциясынан кийин өлкөдөн Алексей Ширшов өӊдүү энергобарондор качып кетип, жоопко тартылбай калышты. Мамлекеттик кызматтарда жүрүп эбегейсиз байлык топтогон, ‎2010-2012-жылдары энергетика министри болуп иштеген экс-чиновник Аскарбек Шадиевдин да өлкөдөн качып кеткенин жакында УКМК жарыялады.

Өкмөт жылдан-жылга абонент көбөйүп, муктаждык өсүп жатканын айтып келе жатат. 27 жылда өз алдынча 1 ГЭС кура албаган, суунун башында жайгашканына карабай суу сактагычтарынын үзүрүн коӊшу өлкөлөр көрүп жаткан, тармакты оӊдоо үчүн светтин тарифин көтөрүүдөн башка жол жок деген өлкө энергетика тармагын дагы канча жыл насыялардын эсебинен кармап турары белгисиз...

Башкы прокуратура журналист Элнура Алкановага карата кылмыш ишин козгогон Финполдун тергөөчүлөрүнө кылмыш ишин козгоду. Алар "күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу" боюнча айыпталууда.

Журналист Алканова 2017-жылы Бишкектеги "Идеал-Хаус" VIP-шаарчасынын арзан баага сатылып кетиши тууралуу иликтөө жасаган. Анда убагында Бакиевдерге таандык болгон бул объектти соодалоого ал кездеги премьер Сапар Исаковдун катышы болушу мүмкүн деген ой айтылып, иликтөө жүрөт.

Бул боюнча 2018-жылы февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы "коммерциялык же банктык сырды таратуу", "коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" беренелери боюнча Алкановага кылмыш ишин ачкан. Алмазбек Атамбаев президенттиктен, Сапар Исаков премьер-министрликтен кеткен соң, быйыл апрелде журналистке ачылган иш "кылмыштын курамы жок" деп токтотулду. Мындан кийин Алканова Финполдун тергөөчүлөрүнө чара көрүүнү суранып Башкы прокуратурага арыз жазган. Адегенде "Алканованын ишин тергеген тергөөчүлөрдүн аракетинде кылмыштын белгилери жок" деп тыянак чыгарган Башкы прокуратура журналист экинчи жолу арыз жазгандан кийин Финполдун тергөөчүлөрүнө иш козгоду.

Экс-премьер Феликс Кулов учурунда журналист Алканованы "банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алууга" айыптоо туура эмес экенин айтып чыккан. Журналист бирөөлөр өз каалоосу менен берген маалыматтын кайсы категорияга кирерин билүүгө милдеттүү эместигин, билген күндө да ал үчүн иликтөө жүргүзгөн журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эместигин айтып чыккан. Ал Алкановага ачылган кылмыш ишин укук коргоо органдарына чала адистер толуп алганынын далили катары сыпаттаган. Адистердин профессионалдык деңгээлинин жетишсиздигиби же бийлик башындагылардын буйругун аткаруу беле? Учурунда мындай маселеге Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова да токтолуп, мамлекеттик кызматкерлерди "дайыма мыйзамды тандоого, мыйзамды сактоого" чакырган эле. Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин депутаттык ишин токтотор алдында Аида Салянова парламентте депутаттар менен коштошуп жатып жасаган билдирүүсүндө "саясат менен мыйзамдын ортосунда тандоо болуп калса, сөзсүз мыйзамды тандаш керек" деген. Бул сөз сотторго эле эмес, ошол эле милицияга да, тергөөчүлөргө да, дегеле бардык мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү экенин Алканованын окуясы ачык көрсөттү. Кечээ бирөөгө иш козгогон тергөөчүлөр бүгүн өздөрү жоопкерчилик тартуу алдында турушат...

Бишкектин жаӊы мэри Азиз Суракматов кызматка киришери менен мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр башталды. Биринчи кезекте вице-мэр Эркинбек Исаков кызматтан кетти. Ал эми Суракматов мэриянын аппарат башчылыгына Балбак Түлөбаевди алып келди. Учурда 46 жаштагы Балбак Түлөбаев 2010-жылдан 2013-жылга чейин түрдүү мамлекеттик кызматтарда, журналистикада жүрүп, 2013-жылдан бери "Аю холдинг" компаниясынын вице-президенти болуп иштеп келген. "Аю холдингдин" кожоюну "Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов экени белгилүү. Түлөбаев иштеп келген "Аю холдингдин" карамагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенген "Аю курулуш" компаниясы да бар. Жарандык коомдо курулуш магнаты мэр болбошу керек деп сындалып жүргөн Суракматов мэриянын аппарат башчылыгына кайра эле курулуш компаниясына байланышы бар адамды алып келди. "Куруучулар" эми баш калааны кантип өнүктүрүшөрү кызык болуп турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан