Премьер-министр эмнеге Бишкектин мэрлигине өзүнүн талапкерин сунуштабаганын түшүндүрдү

Бүгүн, 14-августта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө премьер-министр эмне үчүн мэрликке өзүнүн талапкерин сунуштабаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, мэр кызматына талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин тажрыйбасы жана ыйгарым укуктары жетиштүү.

Эске салсак, 8-августта Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы добуш берген.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө жобого ылайык, мэрликке талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештин фракцияларында, фракциялардын коалицияларында жана премьер-министрде бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан