Чет өлкөлүк "Интерфакс" жана "Фергана" агенттиктери Барак анклавын Кыргыз мамлекети Өзбекстанга берип, ордуна Кара-Суудан жер алат, ошондой жол аркылуу көп жылдан бери келе жаткан бул маселени чечет деп жазып чыгышты. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жер алмашуу менен чек ара маселесин чечүү туурабы?" деген соболуна саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жооп берди.
Ал жер алмашуу маселелеринде өкмөт коомчулукка маалыматты ачык бериши керек дейт.
"Бул маселенин кандай чечилиши эки тараптын оюна, достугуна байланыштуу болот. Эгер алмаштырууга ошол аймактарда жашаган жарандар каршы болбосо туура эле кадам. Аларга жер берип, башка жерге көчүрсө же макул болгондорду ошол мамлекет жарандыгына алса кадам туура эле ишке ашат.
Анклав негизи татаал маселе. Бул шартта ийкемдүү саясат жүргүзүлсө жакшы болмок. Болбосо көгөрүп жата беребиз. Ошол эле эл кыйнала берет. Жер маселеси кулакка орой, кооптуу, катаал угулат. Бирок муну элге түшүндүрүү менен, ачык-айкындык менен чечсе болот. Өкмөт элден жашырбасын. Бийлик бул кадамдын терс жагын да оң жагын да ачык айтсын. Эми жерди сатып жибергидей эски бийлик да жаңы бийлик да элине душман эмес да. Дүйнөлүк практикада да мындай ыкма бар. Өкмөттүн чабалдыгы маселени элге толук түшүндүрбөгөнүндө болууда", - деди саясат таануучу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун пикири бул шилтемеде.