16-17-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында өтө турган Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча протоколго жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган.
Ошону менен бирге өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.