Бүгүн, 16-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Ушул күздө Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт отставкага кетиши мүмкүн экендиги айтылууда. Буга иштеп жатканына жарым жыл боло элек министрлер кабинетинин бир канча иштери себеп болушу ыктымал. Таза суунун тарифин көтөрүү, телефондорду 100 сом менен каттоо, сатыктан түшкөн салыкты жогорулатуу, Райымбек Матраимов боюнча чыккан соттун чечимине өкмөттүн кийинки кадамы белгисиз калгандыгы, Ош жана Бишкек шаарына шайланган мэрлерге карата коомчулукта нааразычылыктар айтылганы... Бул өңдүү өкмөттүн демилгелери жана чечимдери коомчулукта терс пикир жаратты. Ошол эле маалда өкмөттөн жалпы коомчулукту "туура" дегизип, артынан ээрчите турган, үмүттүн шамын жандыра турган амбициялуу пландар, демилгелер көрүнбөй жатат. Абылгазиев башында турган министрлер кабинетинин 100 күндүгүндө коомчулук баса белгилеген алгылыктуу иши, чоң реформасы болбогондугу да кемчиликтеринин бирине айланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Абылгазиев менен жолугушуп, өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушун айтууга чейин барды.
"Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн күзүндө эмне күтөт" деген соболдун тегерегинде SUPER.KG порталы саясаттын казанында кайнап жүргөндөргө кайрылды. Экс-премьер, экс-депутат Феликс Куловдун пикиринде азыркы өкмөт коркуу менен иштеп жатат. "Эч бир министрдин идея менен чыкканын көрө элекмин. Баары унчукпай коркуп отурат, себеби кандайдыр бир чечим кабыл алса, эртең прокуратурадан келип текшерет" дейт Кулов. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, Абылгазиев жакшы киши, бирок экономиканын өнүгүшү боюнча иш жасай элек, жылыштар жок.
Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 20-апрелинде Жогорку Кеңештин бир добуштан колдоосуна ээ болуп, аткаруу бийлигинин башына келген. Ага чейин премьер-министр болуп турган Сапар Исаков бул кызматты ээлегендердин ичинен эң жаш болгону менен гана эмес, эң кыска убакытта өкмөт башчылыктан кетирилгени менен эсте калган. Тагыраагы, ал 8 айга жакын министрлер кабинетин жетектеди. Ушул 8 ай аралыгында жалпы элди өлкөдө коррупциянын жолун бууй турган таза коом түзүүгө боло турганына ишендирип кетти. Жогорку Кеңеш каникулдан келип, жаңы саясий сезонду ачкыча Абылгазиевдин өкмөтү эмне ишти, эмне демилгени баштайт, кандай кыймылга келет, абалы ошондон көз каранды...
Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөттүн аппараты, ички иштер министрлиги, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди. Жумушчу топту саясат таануучу Тамерлан Ибраимов жетектейт жана ал эксперттер менен тармакты реформалоодо сунуштарды иштеп чыгат, кийин аны президенттин кароосуна киргизишмекчи.
Реформа – бул Кыргыз өлкөсүнүн эгемендик алгандан берки жылдарында түпкү маңызынан алыстап кеткен, улам бийлик, өкмөт, Жогорку Кеңештин курамы алмашкан сайын айтылып, ошол эле маалда дээрлик эч качан аягына чыкпаган көрүнүшкө айланды. Жол коопсуздугу маселеси көп жылдан бери түрдүү трибунада көтөрүлүп келет, бирок күн сайын коомчулук үчүн жаңылыктар түрмөгүн жол кырсыктарында көз жумгандар, жаракат алгандар менен баштоо көндүм болуп калды.
Эң соңку үрөй учурган кырсыктардын бири Кочкордо орун алды. 14-августта жеңил унаа комбайнды сүзүп алып, аны көрүп башка унаа жол боюна токтойт. Жабыр тарткандарга жардам берип жаткан учурда дагы бир жеңил унаа келип аларды сүзгөн. Жыйынтыгында комбайнды сүзүп алган унаадагы адам жана ага жардам бермекчи болуп токтогон унаадагы бир киши көз жумду. Мындай кырсыктардын саны азайбай жатканы да бул тармак жөн эле реформага эмес, балким, кардиналдуу жана радикалдуу өзгөрүүгө бышып жеткенинин далили.
Бул аралыкта жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашыруу керек делген чоң долбоор - "Коопсуз шаардын" тендерди жыйынтыктоо мөөнөтү 23-августка жылдырылган. Буга чейин 10-августта жарыяланары айтылган. Мөөнөттү жылдырууга тендердик документтерге өзгөртүү киргизүү себеп болду деген түшүндүмө берилди. Бир нече жылдан бери созулуп келе жатканына карабай "Коопсуз шаардын" тендердик документтери да кынтыксыз бүтө элек болсо, анда бул ири долбоордун ишке ашуусун жакынкы келечекте күтпөй эле коюу керек өңдүү...