Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 17-августта теолог Кадыр Маликовду кабыл алганын президенттик аппараттан кабарлашты. Жолугушууда Сооронбай Жээнбековдун 19-июлдагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Кадыр Маликов көтөргөн маселелер боюнча маектешүү болду.
Тактап айтканда, мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду.
Президент диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырыларын баса белгиледи. Ошондой эле ал динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи.
Жолугушууда исламдын позитивдүү дареметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.