Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) багытталган, системдүү жана натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө максатында кабыл алынган.
Мыйзамды кабыл алуунун натыйжасында төмөнкү жыйынтыктар күтүлөт:
- Террордук ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) профилактикалоонун жана алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын беделин жана инвестициялык рейтингин жогорулатуу, анын ичинде эң ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү өнөк катары каржылык мекемелердин, натыйжада аларга эл аралык каржылык рыноктордо активдүү аракеттенүүгө мүмкүндүк берүү;
- Коррупциялык кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тышына жана да оффшордук чөлкөмдөргө мыйзамсыз же кылмыш жолу менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдерди түзүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.