Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-августта Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Абылгазиев сапар алкагында Григорьев капчыгайындагы Кырчын жайлоосуна барып, андагы негизги курулуштар менен таанышты. Мында "Кыргыз айылы" боз үй шаарчасы түзүлөт жана бул жерде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар өтөт.
Маалым болгондой, этно-шаарчаны электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жеринде электр чубалгыларынын 80 түркүгү жана 5 трансформатор орнотулуп, чыгуучу дарбаза коюлуп, мал союучу жай жана жөө жүрүүчүлөр көпүрөсү курулган.
Ишти аткарып жаткан курулушчулар белгилегендей, бардык иштер өз убагында каржыланып жана белгиленген иштерди мөөнөтүнөн мурда аяктоо үчүн зарыл курулуш материалдары бар.
Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл районундагы Семеновка-Григорьевка кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышты.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтөт.