Кызыл-Кыя шаарынын тургундары кир суу ичип жатканын окурман SUPER.KG'ге WhatsАpp аркылуу кабарлады. Аталган шаардын тургуну 20-августта таза суу агуучу түтүктөн кир суу агып жатканына бир ай болгонун белгиледи.
"Бир айдан бери ушундай суу ичип жатабыз. Мэрия сууну тазалабай каякты карап жатат? Тез арада чара көрүүнү талап кылабыз", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.