Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева Казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-августта Кыргыз өлкөсүндөгү казактардын ассоциациясынын кезексиз жыйыны өткөн. Буга чейин аталган диаспорага Эркин Булекбаев төрагалык кылган.

Өмүр таржымалы

Асылбаева 1960-жылы 27-августта Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган. Ал 1986-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун экономист адистигин сырттан окуп бүткөн.

Эмгек жолу:

1982-1995-жылдары - "Азия" АКсынын башчысы;

1995-1997-жылдары - Туризм жана спорт министрлигинде башкы адиси;

1997-2006-жылдары - "Шумкар" ААКсынын башкы директору;

2006-2014-жылдары - "Кыргыз коньягы" ишканасынын башкы директору;

2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан