Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр пайда салыгынан бошотулат. Бул тууралуу экомика министри Олег Панкратов 22-августта берген маалымат жыйынында айтты. Министр буга байланышкан мыйзам ушул жылдын сентябрь айынын соңунда күчүнө кире турганын белгиледи.
"Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам сентябрь айынын аягында күчүнө кирет. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр пайда салыгынан бошотулат. Ошондой эле өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн ишке ашыруучу каражаттарды сырттан алып келүү үчүн салык төлөөдөн бошотулат. Сатуу салыгын төлөөдөн айыл чарбасын өндүрүүчүлөр, машина-трактордук станциялар, айыл чарба кооперативи бошотулат", - деди Панкратов.
Киргизилип жаткан башка өзгөртүүлөр:
- Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү жана ордун толтуруу боюнча комиссия жокко чыгарылат;
Кошумча нарк салыгынан ашкан суммасын кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим төмөнкүдөй кабыл алынат:
1. 500 миң сомго чейинки суммада аймактагы салык мекемелери тарабынан;
2. 500 миң сомдон жогору ыйгарым укуктуу салык мекемелери тарабынан.